super.kg logo
  Саясат  

Парламентте өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди отставкага кетирүү маселеси көтөрүлдү

 

“Ата Журт” фракциясынын 18-апрелдеги жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин отставкасын талап кылды. Депутат мындай демилгесин Камбар-Ата-1 ГЭСи менен байланыштырды. Айтымында, аталган ГЭС 30 миллион доллар карыздын эсебинен курулууда.

“Жоомарт Оторбаев буга чейин инвестиция тартуу боюнча вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган болсо, азыр өкмөт башчы. Мындай инвестициялык, энергетикалык жактан келекелөө абалы үчүн ал жооптуу. Ошондуктан мен Оторбаевдин отставкасын талап кылам. Президент эки айдан кийин өкмөттү отставкага жиберүү ниетин айткан. Келгиле, ага жардам берели. Бул өкмөт жакшы иштей албай жатат. Мен өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрөм”,- деди Мыктыбек Абдылдаев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: