Жоомарт Оторбаев Баткендеги жарылууда каза болгон балдардын үй-бүлөсүнө акчалай жардам берди
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Баткендин Зардалы айылындагы жарылуудан каза болгон жана жаракат алган балдардын үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Муну өкмөттүн маалымат кызматы 18-апрелде билдирди.
“Өкмөт башчы каза болгон балдардын жакындарынын аза кайгысын бөлүшөт, жаракат алган 4 баланын тезирээк сакайышын каалайт. Жоомарт Оторбаев премьер-министрдин резервдик фондунан каза болгон балдардын үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон, жаракат алган балдардын үй-бүлөсүнө 25 миң сомдон бөлүү тапшырмасын берди. Ошондой эле окуяны дыкат иликтеп чыгууну тапшырды”,- деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















