Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмеронду деңизден медуза чагып алды
Британиянын премьери Дэвид Кэмерон деңизде эс алып жүргөн учуру.


Британиянын премьери Дэвид Кэмерон деңизде эс алып жүргөн учуру.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон.
Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмеронду Испаниянын Лансарот аралында эс алып жүргөн жеринен медуза чагып алды. Өкмөт башчы аталган аймакта үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде чет өлкөлүк ММКлар жарыялашты.
Маалыматка таянсак, Британиянын өкмөт башчысы медуза чаккан колун кармалап суудан бакырып чыккан.
Жергиликтүү жашоочулар деңизде медуза көп экенин эскерткенде, премьер балдарын суудан чыгарып, өзү сууга чөмүлүүсүн улантканы айтылды.
Кэмеронго медициналык жардам талап кылынбаганы белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

