super.kg logo
  Саясат  

Саруулуктар боюнча соттун жүрүшүндө прокурор соттолуучулардын бирине карата коргоо чараны өзгөртүүнү суранды

 

Саруулуктар боюнча соттун жүрүшүндө прокурор Жээнбек Олжотоев соттолуучулардын бири Кайрат Качагановго карата коргоо чараны өзгөртүүнү суранды.

Анын айтымында, К.Качагановго эч жакка чыкпоо тил каты менен жүргөн. Бирок ага карабастан, 2014-жылдын 6-апрелинде К.Качаганов Талас облусунда 7-Апрель баатырларына арналган иш-чарага катышкан. “Ошонун себебинен К.Качагановду камакка алуу чарасын колдонууну сунуштайм” деди прокурор.

Жактоочулар “К.Качаганов Кыргызстандын чек арасынан чыккан эмес. Ал өлкөнүн ичинде эле жүрдү. Бул Конституция бузууга кирбейт. Ошондуктан прокурордун өтүнүчүн кароосуз калтырууну суранабыз” дешти.

Эскерте кетсек, бүгүн, 18-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Саруу айылынын 7 тургуну боюнча биринчи соттук отурум өтүп жатат. Соттолуучулардын арасында Айбек Сарыбаев, Дастан Жунушбаев, Кайрат Качаганов, Абай Узаков, Кубат Токсобаев, Акылай Кенекеева, Талант Ылаев бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: