“Өзүнүн чыгаан уулдарын унутпаган өлкөнүн гана келечеги болот” деди Жоомарт Оторбаев

“Өзүнүн чыгаан уулдарын унутпаган өлкөнүн гана келечеги болот” деди премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы бүгүн, 18-апрелде белгилүү академик, илимпоз Муса Адышевдин мемориалдык тактасынын ачылышына катышты.
“Муса Адышев - тарыхый инсан, ал кыргыз илиминин өнүгүшүнө мыкты салым кошту. Өлкөдөгү геологиялык мектептин негиздөөчүсү. Кыргызстанда айрыкча жаштар өлкөнүн өнүгүшүнө ири салым кошкон улуу адамдарды эстеп турушу керек”,- деп билдирди өкмөт башчы.
Иш-чарага Улуттук илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев жана башкалар катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

