super.kg logo

Австралия дайынсыз жоголгон малайзиялык учакты издөө методун карап чыгышы мүмкүн

 

Австралия дайынсыз жоголгон малайзиялык учакты издөө методун карап чыгышы мүмкүн. Куткаруучулар суу алдында жүрүүчү Bluefin-21 аппаратын колдонуп жатышат. Бирок андан жакшы жыйынтык чыга элек. 18-апрелде Австралиянын премьер-министринин басма сөз кызматы бийликте малайзиялык Boeing 777-200 учагын издөөнү токтотууга негиз жок экенин билдирди. 

Издөө иштери Инд океанында уланып жатат. Буга чейин изделип жаткан аймактан табылган зат химиялык экспертизадан өтүп, учакка тиешеси жок экени белгилүү болгон. 

Мындан сырткары учакка тиешелүү деп болжолдонгон кара кутуча тууралуу да айтылган. Болжолдуу сигналдар табылган аймактын тереңдиги 4500 метрди түзөт. Буга чейин сигнал байкалган аймактан алыс эмес жер кытайлык кеме тарабынан издөөгө алынган. Борттогу өзгөрүүлөрдү өз алдынча сактаган тетиктин батарейкасы 1 айга жетет деп айтылган. Ал башында сигнал берип жатканы менен, бир канча убактан кийин сигналдар да берилбей калган. Ага карабастан изилдөө иштери уланып келет.

Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн. Издөө иштерине дүйнөнүн 30га чукул мамлекети киришип, 1 айдан бери жыйынтык чыкпай келет. Малайзия бийлиги учактын жүргүнчүлөрүнүн баары көз жумганы тууралуу билдирүү жасаган. Ага карабай учак, кемелер менен издөө иштери уланууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
18.04.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табылар бекен, каяка жоголот кызык... деңизге эле чөгүп кетсе керек...
18.04.2014. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал берип аткан сигнал, бул самалетко тиешелуу эмес экен. Анан, ал чокпогон, уурдалган деген создорда жок эмес экен. Бул окуяны Ооганстан же башка ошого жакын мамлекеттердин иши болушу мумкун деген имиштер бар. Бул окуяга козу ачыктар да кайдыгер карабай оз ой пикирлерин айтып жатышыптыр.
18.04.2014. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AZIK01, козу ачыктар нени билет? кыйын болсо оздорунун олумун качан келерин билишпейт.
18.04.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Днизге чокпосо же бир авария а учурабаса...уурдалган деген ойлор болсо кимиси болушу мумкун булардын...бирок уурдаган болсо бир иизин калтырбай кеткенго уурулар аябай эле кылдатык менен уурдаганго .
18.04.2014. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америка уурдаган, Жургунчулордун кобу профессор, докторлор болгон деген да кептер бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: