super.kg logo

Саруулуктар боюнча соттун жүрүшүндө судья прокурордун соттолуучуга карата коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн канааттандырбай койду

 

Саруу айылынын тургундары боюнча соттун жүрүшүндө судья прокурордун соттолуучулардын бири Кайрат Качагановго карата коргоо чараны өзгөртүү өтүнүчүн канааттандырбай койду.

Эскерте кетсек, К.Качаганов эч жакка чыкпоо тил каты менен жүргөн. Бирок ага карабастан, 2014-жылдын 6-апрелинде К.Качаганов Талас облусунда 7-Апрель баатырларына арналган иш-чарага катышкан. “Ошонун себебинен К.Качагановду камакка алуу чарасын колдонууну сунуштайм” деди прокурор.

Жактоочулар “К.Качаганов Кыргызстандын чек арасынан чыккан эмес. Ал өлкөнүн ичинде эле жүрдү. Бул Конституция бузууга кирбейт. Ошондуктан прокурордун өтүнүчүн кароосуз калтырууну суранабыз” дешкен.

Белгилей кетсек, бүгүн, 18-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Саруу айылынын 7 тургуну боюнча биринчи соттук отурум өтүп жатат. Соттолуучулардын арасында Айбек СарыбаевДастан ЖунушбаевКайрат КачагановАбай УзаковКубат ТоксобаевАкылай КенекееваТалант Ылаев бар. Алар "Каракол шаарында баш аламандык уюштуруу" боюнча айыпталып жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: