super.kg logo

Саруулуктардын соту 23-апрелде улантылып, анда микрофон колдонулат

 
"Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында баш аламандык уюштурушту" деп айыпталып жаткан Саруу айылынын тургундары боюнча сот отуруму 23-апрелде улантылат. Бул тууралуу соттун жүрүшүндө судья жарыялады.
Анын айтымында, аталган күнү соттук жүрүштө микрофон жана үн бийиктеткич жабдуулар колдонулат. Анткени бүгүнкү отурумда соттолуучуларга жана алардын туугандарына прокурордун үнү угулбай жатты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Саруу айылынын 7 тургуну боюнча биринчи соттук отурум өттү.
Эске салсак, 2013-жылдын 7-октябрында «Кумтөр» боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен. Бул окуяларга тийиштиги бар деп Жети-Өгүз районунун тургундары Айбек СарыбаевДастан ЖунушбаевКайрат КачагановАбай УзаковКубат ТоксобаевАкылай КенекееваТалант Ылаев кармалып, аларга «барымтадагыларды бошотпоо», «бейбаштык» жана «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: