Түштүк Кореяда чөгүп кеткен кемеден куткарылган мугалим асынып алды






Түштүк Кореяда чөгүп кеткен кемеден куткарылган Кан аттуу мугалим асынып алды. Ал мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 18-апрелде кабарлашууда.
Эске салсак,16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда жалпы 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыгышкан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери. Кырсык жээктен 100 чакырым алыстыкта катталган. Анда кеме суу алдындагы тоо кыркаларын сүзүп алып, мындан улам кеме чөгө баштаган. Буга коюу тумандын себеп болгону айтылып жаткан. Учурда 179 адам куткарылып, 277 дайынсыз жоголууда.
Адистер суу астына кеткен кемеде абасы бар айрым бөлүктөрдө тирүү калгандар болушу мүмкүн экендигин айтышууда. Айрым маалыматтарда чөккөн кеменин ичиндеги адамдардан туугандарына кыска “бизди сактап калгыла” деген СМСтер келген. Кемени деңиз түбүнөн алып чыгуу үчүн атайын сүзүп жүрүүчү үч кран алып келингендиги да кабарланууда.




бирок андай эмес экен.
кораблдын капитандары ошол маалда уктап жатышкан, алардын иш ордун 25- жаштагы экипаж башкарып бараткан, жана ал жолдо туура эмес кетип бара жатканын байкап, кораблды резко буруп жиберген экен,
ошондон кийин гана кораблдын башы тоо кыртышына тийип, силкинип, ичи толо машина, контейнер, трактор ж.б тең салмакты кармай албай тез арада эле ооп кеткен - деп жатышат