Жаштардын Олимпиада оюндарына жолдомо алган кыргызстандык спортчулардын саны 9га жетти
Үстүбүздөгү жылдын август айында Кытайдын Нанкин шаарында жаштар арасында өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алган кыргызстандык спортчулардын саны 9га жетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, акыркы болуп жолдомону Валерия Уварова менен Родион Хрипченко алып келишти. Эсиңиздерде болсо, алар 14-апрелде жыйынтыкталган беш спортту камтыган пентатлон боюнча АКШнын жаштар арасындагы Ачык биринчилигинде жолдомо берилүүчү орундарга илинишкен. Уварова кыздар арасында алтын медаль тагынса, Хрипченко 7-орунга ээ болгон. Бул эки спортчу командалык эсепте 2-орунду багындырышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.