Бүгүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бир күндүк иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймагына жөнөп кетти
Бүгүн, 19-апрелде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бир күндүк иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймагына жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн билдирди.
Маалыматка караганда, премьер-министр түшкө чейин Баткен облусунда болот. Ал жакта Баткен районун Ак-Сай айылынын жашоочулары менен жолугушат. Ал эми түштөн кийин Ош облусунда болот. Анда өкмөт башчынын жазгы талаа жумуштары менен таанышуусу күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

