super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын 2013-жылдагы бюджетинин негизги көрсөткүчтөрү

 
Белгилүү болгондой, 27-декабрда Жогорку Кеңеште "КРнын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала болжолго караганда Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн өсүү ыргагы 2013-жылы 7 пайыздын чегинде болот. Ал эми 2014-жылы 7,6 пайыздын, 2015-жылы 7,8 пайыздын чегинде болору күтүлөт. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 2013-жылы 86 миллиард 288,5 миллион сомду же ички дүң өнүмдүн 24,3 пайызын түзөт. Ал эми 2014-жылы 89 миллиард 458,2 миллион сомду, 2015-жылы 96 миллиард 590,7 миллион сомду түзөрү болжолдонууда. Ал эми республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2013-жылы 103 миллиард 218,6 миллион сомду же ички дүң өнүмдүн 29,1 пайызын түзөт. Ал эми 2014-жылы 105 миллиард 626,3 миллион сомду, 2015-жылы 107 миллиард 657,3 миллион сомду түзөрү болжолдонууда. Мындан сырткары 2013-жылы республикалык бюджеттин таңсыктыгы 16 миллиард 930,2 миллион сом өлчөмүндө белгиленди. Азырынча 16 миллиард 930,2 миллион сом таңсык каражаттын киреше булагы алдын ала аныкталды. Ал эми бюджет тартыштыгы 2014-жылы 16 миллиард 168,1 миллион сом, 2015-жылы 11 миллиард 066,7 миллион сом өлчөмүндө болору күтүлөт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: