super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте жыйынтыкталган жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеш орусиялыктар үчүн ийгиликтүү болду

 

Бүгүн, 19-апрелде Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жеңил атлетика боюнча СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, мелдеш алкагында кыз-келиндер жана уландар арасында 400, 1000, 5000 жана 10 000 метр аралыкка жарыштар орун алды. Ага Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандан 115 спортчу катышты. Жыйынтыгында командалык эсепте Орусия курама командасы алдынкы орунга чыга алды.

 

Жеңүүчүлөр:

Кыз-келиндер арасында 5000 метр аралыктагы жарыш:

1-орун. Дарья Маслова (Кыргызстан)

2-орун. Олесия Шуклина (Орусия)

3-орун. Гүлшанай Сатарова (Кыргызстан)

 

Кыз-келиндер:

400 метр аралыкта:

1-орун.Татьяна Вешкурова (Орусия)

2-орун. Ирина Такунцева (Орусия)

3-орун. Анастасия Баздырева (Орусия)

 

1000 метр аралыкта:  

1-орун. Анна Эйферт (Орусия)

2-орун. Марина Поспелова (Орусия)

3-орун. Анастасия Олейниченко (Орусия)

Уландар:

400 метр аралыкта: 

1-орун. Денис Кудрявцев (Орусия) 

2-орун. Павел Савин (Орусия)

3-орун. Никита Весин (Орусия)

 

1000 метр аралыкта:

1-орун. Андрей Мингулин (Орусия)

2-орун. Андрей Логинов (Орусия)

3-орун. Геннадий Елсаков (Орусия)

10 миң метр аралыкта: 

1-орун. Ринас Ахмадеев (Орусия)

2-орун. Юрий Клонцов (Орусия)

3-орун. Ортик Рамазанов (Өзбекстан)

4-орун. Адилет Кыштакбеков (Кыргызстан) 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: