super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Өнөр жайды кайра иштетүү агрардык тармакты өнүктүрүүнүн негизи экенин унутпашыбыз керек” (фоторепортаж)

 
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 19-апрелде Баткен облусундагы иш сапарынын жүрүшүндө “Мол түшүм” айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты. 
Аталган кооперативдин директору Абдирашид Халмурзаев ишкана 2004-жылы иштеп баштаганын жана өрүктү сорттоо менен алектенерин айтты. 
“Биз жигердүү иштеп жатабыз жана даяр болгон товарды Бишкекке жеткирүүдө кыйынчылыктарга туш болуудабыз. Айыл чарбаны каржылоо долбоорунун негизинде 1 миллион сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя, 800 тонна жер семирткич алдык. Мындан улам өкмөткө ыраазычылык билдиребиз”,- деди Абдирашид Халмурзаев. 
Жоомарт Оторбаев өкмөт тарабынан мындан ары да колдоолор болорун белгилеп өттү. “Азыркы тапта агрардык тармакты өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Анын ичинде кооперацияларды өнүктүрүү да бар. Өнөр жайды кайра иштетүү агрардык тармакты өнүктүрүүнүн негизи экенин унутпашыбыз керек”,- деди өкмөт башчы. Ошондой эле “Мол түшүм” айыл чарба кооперативинин продукцияларын Бишкекке жөнөтүү маселесин карап чыгууга убада берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: