Түштүк Кореядагы кырсыктан каза болгондордун саны 54кө жетти. Чөккөн кеменин капитаны өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн

Түштүк Кореядагы кырсыктан каза болгондордун саны 54кө жетти. Буга чейин куткаруучулар 49 адамдын жансыз денесин суудан алып чыгышкан
эле.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Суучулдар чөгүп кеткен кеменин ичине жекшембиге караган түнү гана кире алышкан. Суу
алдындагы операция түнү бою уланган. Азыркы тапта 250дөн ашуун адам дайынсыз
болууда. Эксперттердин айтымында, чөккөн кеменин аймагындагы издөө операциялары
2 айга чейин созулат.
Эске салсак, 16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда жалпы 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери.
Кеменин капитаны Ли Чжун Сок “өз милдеттерин так аткарган эмес” жана “деңиз мыйзамдарын одоно бузган” деп айыпталып, камакка алынды. Ал кеме чөгүп бара жатканда экипажды башкарбай чыгып кеткенин жана ал учурда кемени 25 жаштагы жардамчысы башкарганын айтып, күнөөсүн мойнуна алды.
Ошондой эле кеме суу алдындагы тоо кыркаларын сүзүп алган учурда "өздүк себептеринен улам" кемедеги бөлмөдө болгонун айткан. Ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
nurgul-92

20.04.2014. 23:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kyrgyzdar bolgondo kamabait bolchu teskerisinche bashka olkogo chygarip jiberishmek delo jabilgancha pobegde jurup turogoi dep
Oceana

20.04.2014. 23:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kyrgyzdar kemege 4ykpayt bolchu
ikitaidesu

20.04.2014. 23:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окуучуларга жаман болуптур... Ата эне байкуштар саякатка чыгарганына окунуп отурушкандыр
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.