super.kg logo

"Баткен" аэропортуна "эл аралык" статусу берилди

 

"Баткен" аэропортуна "эл аралык" статусу берилди. Тийиштүү токтомго КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду. Мындай чечим КРнын Аба кодексинин 57-беренесинин 5-бөлүмүнө жана “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык кабыл алынды. 

Аталган токтом Баткен аймагындагы инфраструктураны жакшыртууга, туризмди өнүктүрүүгө жана Баткендин транспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган. “Баткен” аэропортуна "эл аралык" статусунун берилиши жеке инвесторлорду тартуу үчүн түзүлгөн шарттардын бири болуп саналат. Бул тууралуу 19-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Баткен” аэропорту 1984-жылы колдонууга берилген. Ал 24 тонналык учактардын конушуна ылайыкталып курулган. Негизинен бул аба майданына Ан-24 жана Як-40 учактары конуп келишкен. 2012-жылы аэропорт 20 миңден ашуун жүргүнчүнү тейлеген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(14)
20.04.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы болуптур эн туура чечим,себеби Баткендик тургундар Ошко келип учпастан туура эле оз Баткенен учушат,жада калса кошуна олколордо аэро билеттин баасы жогору болгондуктан алар Ошко келишип учушат,мен ойлойм бул чечим мамлекеттик бюджетке жакшы салымын кошот деп...
20.04.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы жанылык экен. Москвага качантан баштап туз каттам болот экен ?
20.04.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ураа
20.04.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Кыргыз!Элге шарт тузуу керек!
20.04.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошого жараша аэропорттун келбетин ондосо го!
20.04.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аэропортту ондосо жакшы болмок... Боинг, Аэробус сыяктуу учактар коно тургандай кылып. Барган сайын Баткен. Барган сайын эл кобойгондон кобойуп баратат.
20.04.2014. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
24 тонналык самолет коно алса, качан эл аралык аэропорт болуп, качан чон самолетторду кабыл алат экен эми. Аталышы эле эл аралык го
20.04.2014. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар окуп алып аябай суйундум
Кудай буйурса чет жака каттап баштаса тез еле онугуп кетет
Бул мамлекеттин бюджетине коптогон пайда алып келет
Себеби ен еле коп учкан баткендиктер болуш керек анын устуно
тажик жарандары да ошко келип учушат
21.04.2014. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2015-жылдан баштап Баткен-Москва каттамы ачылат турбайбы жумасына бир жолу.
21.04.2014. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо соонун жанылыкго батырак ишке киришсе соонун болмок Баткенда кеоечектеги соонун шаарладын катарына кошулатго .
21.04.2014. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соооонун жанылык го! Эми аэропортту ондоп, каттамдарды кобойтсо, тажик жарандары баткенден учмак.Мамлекеттин бюджетине да жакшы болмок.Туура чечим кабыл алышкан!
21.04.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткендин МЧС не жок дегенде бир вертолет берилсин деп кол койсо жакшы болмок,жардыруудан жарадар болгон балдарды Ошко автобус менен ташыбай.Баткенден ОШко автобус менен баргыча жарадар эмес соо адамдын деле ичи-карды узулуп калат.
Dadin түзөттү 21.04.2014 11:58
21.04.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тушунбой калдым,эмне эми Баткен Москва каттамы туз ачылат бекен ошондо?????
21.04.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура кылат! ондош керек дагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: