super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясы мыйзамдарга ылайык жасалууга тийиш"

 

27-декабрда парламентте депутаттар "Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясын" талкууга алышты. Талкууга ЖКнын депутаттары, фракция жетекчилери жана төрага Асылбек Жээнбеков катышты. Аталган маанилүү документ тууралуу төрага да өз пикирин билдирди. "Учурда стратегия 10-20 жылга эсептелүүгө тийиш деген пикирлер айтылып жатат. Стратегияда коомчулук арасында айтылган пикирлердин эске алынуусу, анын жеткиликтүүлүгү жана аткарыла тургандай болуусу үчүн ал документти талкуулоодо бардык парламенттик фракция жетекчилери чакырылды. Биз бүгүн карап жаткан келерки жылдын бюджети дагы дал ошол программадан келип чыккандай болуусу абзел. Экинчиден, адегенде ошол стратегияны кабыл алалы. Бирок кандай болбосун, ал стратегия өлкө мыйзамдарына ылайык жасалууга тийиш",- деди Асылбек Жээнбеков. Айта кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 7-декабрда Кыргызстанды 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүү стратегиясын сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: