Кыргызстанда 122 гимназия жана 68 лицей бар
Кыргызстанда 122 гимназия жана 68 лицей бар. Гимназияларда жалпысынан 107 миң окуучу билим алса, 68 лицей 33 миң окуучуга билим берет. Бул тууралуу премьер-министрдин 2013-жылга карата берген отчётунда айтылат.
Маалыматка ылайык, 2013-2014-окуу жылына карата күндүзгү окуу бөлүмүндө иш алып барган 2207 окуу жай катталган. Лицейде жана гимназияда окугандардын пайыздык көрсөткүчү мурунку окуу жылына салыштырмалуу 1,5 пайызга өсүп, 1027 кишиге арткан. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.