Ош. Улуу Ата Мекендик согуштун 69 жылдыгына карата 279 миң сомдон ашык каражат бөлүндү
Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 69 жылдыгын өткөрүү үчүн мэрия тарабынан 279 500 сом акча каражаты бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Раззакул Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, 9-майга карата даярдык 23-апрелде башталат. “Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун 69 жылдыгына карата уюшула турган салтанатка театрлардан, окуу жайлардан жалпысынан миңге жакын адам тартылды. Алар жакынкы күндөрдө даярдыктарды башташат”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.