super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. 10 күндө мыйзамсыз балык кармоо боюнча 10 факты катталды

 

Облустун Ички иштер башкармалыгы тарабынан Ысык-Көлдө балыктарды мыйзамсыз кармоо боюнча атайын рейддик текшерүү өткөрүлдү. Натыйжада 10 күн аралыгында мыйзамсыз балык улоонун 10 фактысы аныкталган. Бул тууралуу облустук ИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Маалыматка ылайык, узундугу 2000 метрди түзгөн 19 жуп балык кармоочу тор,10 кайык, 95 даана сига-лудога балыгы, 6 даана форель, 4 даана судак жана 14 даана чабак алынып, 2 жаранга карата административдик мүнөздөгү чаралар көрүлдү. Ал эми ыкчам иликтөө иш-чараларынын 2-этабында посттордо жана соода түйүндөрүндө мыйзамсыз кармалган балыктарды ташып кетүү жана сатууга жол бербөө максатында текшерүү жүргүзүлдү. 22-29-декабрь аралыгында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз кармалган балыктарды ташуунун жана сатуунун 5 фактысы катталган. Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын ИИБинин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалган балыктарды сатып жаткан жеринен 55 жаштагы жана 34 жаштагы Каракол шаарынын тургундары кармалган. Алардан бирөөнөн  971 жана экинчисинен 85 даана пелядь балыктары алынган. Тоң районунун "Кубакы" постунда мобилдик топтун кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалган балыктарды ташып бараткан жеринен Нарын облусунун 26 жаштагы жараны жана Чүй облусунун 34 жана 32 жаштагы тургундары кармалды. Алардын автоунаасында 900 килограмм салмакты түзгөн пелядь балыктары бар экени аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: