super.kg logo
  Саясат  

Парламенттин тийиштүү комитети Ысык-Көлдүн абалын текшерди

 

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү комитети Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйынга өкмөттүн Агроөнөржай комплекси бөлүмүнүн, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин, Балыкчы шаардык мэриясынын өкүлдөрү катышууда.

Комитет “Газпром” ишканасына тийиштүү болгон мунай базасынын саркындысынын көл суусуна кооптуулугу канчалык экенин көрүп чыкты. Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын өкүлү Расул Артыкбаевдин белгилөөсүндө, көл суусун текшерүүдө азоттун курамы ашыкча экени аныкталган. Эл өкүлдөрү мындай жагдайда токтоосуз чара көрүү зарылдыгын өкмөткө багыттап, жеке турак үйлөрдөн чыккан саркынды суулар боюнча шаардык мэрияга тапшырма беришти. Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов деги эле мындай объектилерди көлдөн алыс аймактарга жайгаштыруу зарылдыгын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: