super.kg logo
  Саясат  

"Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" бирикмесинин президенти Бишкек шаарынын мэрин куттуктады

 

“Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин президенти Саид Баюми шаардык кеңешке шайлоого байланыштуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловду куттуктады. "Урматтуу Иса Шейшенкулович, Бишкек шаардык кеңештеги шайлоодо ийгиликке жетишиңиздер менен куттуктаймын. Мындай жоопкерчиликтүү кызматтагы Сиздин ишмердүүлүгүңүз менен Кыргызстан экономикалык жактан өсүш алып, коомчулукта туруктуулук орноп, Бишкек шаарынын гүлдөп-өнүгүшүнө терең ишенем. Жаңы кирип келе жаткан 2013-жылында Сизге ак дилимден зор бакыт, жарык маанай, бакубатчылык жана бардык башталыштардагы ийгиликтерди каалаймын! Үй-бүлөңүз менен ар дайым жакшылыктын гана түйшүгүн тартып, ишиңизди ийгилик коштоп жүрсүн! Жараткандын Жаңы жылы жакшылыктын, ырыскынын, берекенин, токчулуктун, ынтымактын, тынччылыктын жылы болсун! Ар бир үйдө дасторкон жайылып, кут төгүлүп, балдардын күлкүсү угулуп турсун!"- деп айтылат куттуктоодо.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: