super.kg logo

"Бир канча автоунаадан буюм жана акча уурдаган" деп шектелип 17 жана 19 жаштагы эки жаран кармалды

 

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан "автоунаадан буюм жана акча уурдап жүргөн" деген шек менен 19 жаштагы Ж.Нурбек жана 17 жаштагы Ж.Медер аттуу жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилүү болгондой, аталган жарандар "24 жаштагы Ш.Айбек аттуу Бишкек шаарынын тургунунун Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасынан 4300 сомго бааланган автомагнитофонун, ошондой эле 47 жаштагы баш калаанын тургунунун унаасынан 2000 сомго бааланган автомагнитофонун жана 38 жаштагы борбор калаалык А.Аскаттын унаасынан 2500 сом акчасын уурдап кетишкен" деп шектелип жатышат. Маалыматтарга караганда, аталган жарандар унаалардын айнегин талкалап, каалгаларын күчкө салып ачуу менен уурулукка барышкан. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: