super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Түштүк Кореянын башчысы Пак Кын Хего «Севоль» кемесинин кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

 

Бүгүн, 21-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Корея жарым аралынын түштүк-батышында «Севоль» кемесинин кыйрашына байланыштуу Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хего көңүл айтты.

Көптөгөн адамдардын, анын ичинде кичинекей балдардын өмүрүн алып кеткен Корея жарым аралынын түштүк-батышында «Севоль» кемесинин кыйрашы тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым”,- деп айтылат өлкө башчысынын көңүл айтуусунда.

Президент Алмазбек Атамбаев ушул кырсыктын кесепетинен каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын баары тезирээк сакайып кетишин каалады.

Эске салсак,16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда жалпы 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери. Кырсык жээктен 100 чакырым алыстыкта катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: