super.kg logo
  Саясат  

Ош – Баткен – Исфана жолунун Пүлгөн – Көк-Талаа айылдарын бириктирүүчү бөлүгү күзүндө бүтөт

 

Ош – Баткен – Исфана жолунун 108-123-чакырым аралыгындагы Пүлгөн – Көк-Талаа айылдарын бириктирүүчү бөлүгү күз мезгилине бүткөрүлөт. Муну бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин 2 комитетинин Баткендеги көчмө жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Абдимамат Мурзабеков билдирди.

Комитеттердин жыйынына катышып жаткан каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып жолдун аталган тилкесине насыялык каражат (8,6 евро) толук берилгенин, жолду Кытайдын “Чайна-роуд” компаниясы оңдоп жатканын айтты.

Баткен облусунун башчысы Жеңиш Разаков Жогорку Кеңештин депутаттарына элдин турмуш-тиричилигинде маанилүү ролду ойногон жолдорду оңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: