Мамлекеттик өрткө каршы кызматы: Жыл башынан бери өлкөдө 67 автоунаа өрттөнгөн
2014-жылдын 1-кварталында республика боюнча автоунааларга байланыштуу 67 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Мамлекеттик өрткө каршы кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, автоунаалардан чыккан өрттөн 18 унаа зыянга учураган. Автоунаанын техникалык каражаттарын колдонууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу жана отко этиятсыз мамиле жасоо кырсыктын келип чыгышынын негизги себептери болууда.
Эске салсак, 2013-жылы өлкө аймагында 352 унаа өрттөнүп, алардын кесепетинен 39 миллион 422 233 сомду түзгөн чыгым келтирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.