Бишкектин Биринчи Май райондук сот залында видеокөзөмөл жана аудио жаздыруу орнотулду
Соттук реформанын алкагында Бишкектин Биринчи Май райондук сот залында видеокөзөмөл жана аудио жаздыруу коюлду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, видео- көзөмөл жана аудио жаздыруу Биринчи Май райондук сотунун бардык 4 соттук залына орнотулду. Эске салсак, учурда Жогорку Соттун 3 соттук уктуруу жүргүзүлгөн залында, Свердлов жана Октябрь райондук сот залдарында видеокөзөмөл жана аудио жаздыруу орнотулуп, ишке киргизилген. Жогорку Сот келечекте соттук реформанын алкагында өлкөнүн башка аймактарындагы соттук залдарына да видеокөзөмөлдөөнү орнотуу пландаштырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

