super.kg logo

“Дордой” базарында иштеген Салык кызматынын өкүлдөрү кызматтан четтетилишти

 

“Дордой” базарында иштеген Салык кызматынын өкүлдөрү милдеттерин аткаруудан четтетилишти. Мындай чечимди Салык кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Замир Осмонов кабыл алган. 

Белгилүү болгондой, базарда соода орундарына байланыштуу бир нече көйгөй катталган жана бул маселе боюнча аталган кызматка кайрылуулар түшкөн. 

“Дордойдогу” кырдаалды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Алар 1-майга чейин ишкердик менен алектенгендердин патенттерин текшерип, салык төлөбөгөндөрдү ачыкка чыгаруу багытында иш алып барышат. Комиссия ар бир соода орунун текшерип чыгат. 

"Дордой" базарында иштеп келген Салык кызматынын өкүлдөрү башка жумушка которулушат. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: