super.kg logo
  Саясат  

Путин Орусиянын жарандыгын алууну жеңилдеткен мыйзамга кол койду

 

Владимир Путин Орусия Федерациясы, СССР же мурдагы Орусия империясына таандык аймактарда жашаган же жашап жаткан адамдар, же алардын ата-бабалары ошол жерлерди байырлагандар жана орус тилинде таза сүйлөгөн адамдарга Орусиянын жарандыгын берүү процессин жеңилдеткен мыйзамга кол койду.

Чет өлкөлүктөрдүн орус тилинин деңгээлин атайын комиссия маектешүү аркылуу текшерет. СССРдин аймагында же Орусия империясына таандык жерлерде туугандары (ата-энеси, чоң энеси, чоң атасы) жашагандар жарандык алууга талапкер боло алат. 

Маалым болгондой, жарандык алууга тийиштүү шарттар түзүлүп, жарандык алуу учурунда убактылуу кирүү мөөнөтү узартылат. Бул тууралуу 21-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: