super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлдүн жээгине курулуштарды 300 метр алыстыкта куруу сунушу көтөрүлдү

 

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети Ысык-Көл районунда көчмө жыйын өткөрдү. Депутаттар Балыкчы шаарындагы мунай базасынын, көл жээгине жакын жайгашкан үйлөрдөн чыккан саркынды суулардын көл суусуна кооптуулугу канчалык экени боюнча таанышып чыгышты.

Андан соң көчмө жыйында Биосфералык аймак дирекциясынын өкүлдөрү көл жээгиндеги эс алуу жайларында курулуш объектилерин 300 метр алыстыкта курууну милдеттендирүү боюнча мыйзамга түзөтүү киргизүүнү эл өкүлдөрүнөн өтүнүштү. Комитет мүчөлөрү жогорудагы айрым мекемелерге ишти жолго коюу боюнча 1 айлык мөөнөт берип, 1 айда жогорудагыдай көрүнүштөр кайталанса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдиришти. Ошону менен катар көл жээгиндеги эс алуу жайларындагы экологиялык абалды көзөмөлгө алып, маалымат берүү тапшырылды.

.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: