super.kg logo
  Спорт  

Ошто самбо боюнча мелдеш жыйынтыкталды

 

Ош шаарында биринчи жолу өткөрүлгөн самбо боюнча мелдешке өлкөнүн бардык аймагынан 500гө жакын спортчу катышты. Алар салмак категориясы боюнча күч сынашты. 

Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана вице-мэр Ильичбек Эргешов, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошова катышты.

«Бул сыяктуу мелдеш шаарда алгач ирет өткөрүлүп жатат десем жаңылышпайм. Жаштар - биздин келечегибиз. Келечекте өлкөнүн атын чыгарган чыгаан эр-азаматтар чыгарына ишенем. Жаштарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүбүз керек»,- деди калаа башчы.

Жыйынтыгында Ош шаарынын курама командасы самбо боюнча 1 алтын, 2 күмүш, 5 коло медаль утуп алышты.

Мелдеш «Эрбол» спорт-комплексинде 18-20-апрель күндөрү өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.04.2014. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эра братишка молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: