super.kg logo

Баткен. Зардалы айылындагы жарылуудан жабыркаган балдардын бирине Ош шаарында операция жасалды

 

"Баткен облусунун Зардалы айылындагы жарылуудан жабыркаган балдардын бири Санжар Топчубай уулуна 18-апрелде көзүнө жана денесиндеги заттын сыныктарын алып салуу үчүн операция жасалды"- деп билдирет Ош облусунун Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Абдисамин Анарбаев.

Анын айтымында, учурда Санжар Топчубай уулу жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жардыруучу заттын сыныктары баланын көзүнө жана денесине кирип кеткен. Аны операция жолу менен алдык. Абалы дурус”,- деди ал.

Эске салсак, 17-апрель күнү саат 18:00 чамасында Баткен облусунун Зардалы айылында 6 жаш бала 1999-жылкы Баткен согушунан калган гранатаны таап алышкан. Аны менен ойноп жатышканда граната жарылып кеткен. Балдардын бири ошол жерден, бири жолдон каза болгон. Калганы ар кандай деңгээлде жараат алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: