super.kg logo

Кыргызстанда 14 жыл ичинде картошка менен нанды пайдалануунун көрсөткүчү жогорулап, этти колдонуу төмөндөгөн

 

Кыргызстанда картошка менен нанды пайдалануунун көрсөткүчү жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелдеги тегерек столдун жүрүшүндө Улуттук статистикалык комитеттин өкүлү маалымдады. 

Белгилүү болгондой, 1990-жылы ар бир кыргызстандык орто эсеп менен жылына 54 килограмм эт колдонсо, 2012-жылы бул көрсөткүч 36,9 килограммга төмөндөгөн. Норма боюнча ар бир адам жылына 61 килограмм эт азыгын жеши керек. 

Аталган убакыт аралыгында сүт азыктары менен жумуртканы колдонуу да азайган. Балык азыктарын тамак-ашка колдонуу 6,3 килограммдан 1,9 килограммга чейин төмөндөгөн. Норма боюнча ар бир адам жылына 9 килограмм балык азыгын жеши керек. Ошондой эле кумшекерди колдонуу 20 килограммдан 17 килограммга чейин төмөндөгөн. 

Ал эми картошканы колдонуудагы көрсөткүч 69 килограммдан 98,4 килограммга, жемиштер 78 килограммдан 149 килограммга, мөмөлөрдү колдонуу дээрлик үч эсеге жогорулап, 124 килограммга барабар болгон. Мындан сырткары нан азыктарын колдонуу 99 килограммдан 134,9 килограммга чейин жеткен. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.04.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Этти 1 жыл жебеген уй булоолор да бар экен,кудайга тобо кылдым.Кичине балдары сурайт ко апа бул эмне деп этти корсотуп,байкуш апасы уялганынан кызарып соз таппай калат.
21.04.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Картошка м н нан этке салыштырмалуу арзаныраак да тоок мээлер, алган айлыгы 6 7 мин болуп жатса.
21.04.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдер картошка кууруп нан менен жеп эле жашап жатышат да !! Ооо жеп жутарлар бир отуруп карапайым калктын бир жылда жеген этин апкирип койуп атпайбы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: