Кудайберген Базарбаев гендердик саясат боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкканын айтты
Бүгүн, 22-апрелде мамлекеттик резиденцияда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин катышуусунда Пекин декларациясын жана иш-аракеттер платформасын аткаруу алкагындагы КРнын аналитикалык долбоору боюнча кеңешме өтүп жатат. Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев бүгүнкү кеңешмени ачып жатып аталган платформа 2015-жылы 20 жылдыгын белгилээрин айтты.
“Гендердик саясат боюнча жаңы чаралар кабыл алынды. Биз бул боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыктык. “Пекин+20” 2015-жылы 20 жылдыгын белгилейт. Кыргызстан бул платформанын жактаарын жана чече турганын билдирди. Ага учурда даярдыктар болуп жатат”,- деди Базарбаев.
Кеңешмеге мамлекеттик жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















