super.kg logo

Ош. Гүл сүйүүчүлөрү үчүн «Гүлдөр дүйнөсү» деген аталышта майрам уюштурулду

 

Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультетинин ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар кафедрасы тарабынан «Гүлдөр дүйнөсү» деген аталышта акция уюштурулуп, анда бөлмө гүлдөрүнүн, икебаналардын (гүлдөрдү жасалгалоо боюнча япон искусствосу) көргөзмөсү болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде окуу жайдын басма сөз катчысы Зинагүл Нуралиева билдирди.

Акцияны уюштуруучулардын бири Буниса Абдымомунова: «Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар кафедрасында гүл өстүрүү ийрими иштеп, студенттерге гүл өстүрүүнүн жолдору, чыгармачылык менен икебана жасоо, дарактарды кыйыштыруунун жолдору адистер тарабынан үйрөтүлүп келет. Бүгүнкү иш-чарабыздын негизги максаты - гүл сүйүүчүлөргө гүлдөр тууралуу маалымат берүү, ийримде даярдалган икебаналардын көргөзмөсүн уюштуруу, окуу жайдагы гүл сүйүүчүлөрдү ийримге тартуу, ийримдин ишин көрсөтүү»,- деди. 

Айта кетсек, табият таануу жана география факультетинде 21-апрелден 26-апрелге чейинки аралыкта илим жумалыгы өтмөкчү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: