Жалал-Абад. Курманбек аймактык башкаруусунда апта сайын өтүүчү жыйын болду



Жалал-Абаддын Курманбек аймактык башкаруусундагы жашоочулардын ар аптада өтүүчү жыйынына Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобазанын жетекчиси Төлөнбек Бакиров катышты.
Маалым болгондой, аталган автобаза почта менен келишим түзүп жатат. Мындан ары таштандылардын акысын почта аркылуу төлөөгө болот.
“Бүгүнкү күндө жашоочулардын суроолору боюнча көчөлөргө сигнализация орноттук. Эл ошол нерсеге көнүп, өзүнүн көчөсүнө таштандыны алуучу унаа качан келерин билип, ошол күнү алып чыгып жатат. Ошондой эле таштандылар айрым көчөлөрдө 2 күндө бир алынса, айрымдарында күнүгө алынууда”,- дейт Бакиров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.