super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев дүйнө салган колумбиялык жазуучу, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Габриэль Гарсиа Маркестин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

 

Алмазбек Атамбаев дүйнө салган колумбиялык жазуучу, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Габриэль Гарсиа Маркестин үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Өлкө башчы телеграмманы жазуучунун жубайы Мерседес Барча Пардого жөнөттү. Бул тууралуу 22-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Бүт дүйнө жүзү орду толгус жоготууга туш болду. Заманыбыздын улуу жазуучусу, ойчул, философу Габриэль Гарсия Маркес дүйнө салды. Ал дүйнөнүн адамы эле. Боорукердик, сүйүү жана үмүт коштоп жүргөн адам болгон. Бизди ишеним менен жашоого үйрөттү. Анын чыгармалары биз үчүн улуу мурас бойдон калат. Ал жүрөгүбүздө түбөлүккө жашай берет. Анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам” деп айтылат телеграммада. 

Габриэль Гарсиа Маркес – атактуу колумбиялык жазуучу, журналист, саясий ишмер, 1982-жылдагы "Нобель" сыйлыгынын лауреаты. Ал 17-апрель күнү Мехикодо, өз үйүндө, 87 жаш курагында көз жумду.

Маркес адабияттагы “магиялык реализм” багытынын өкүлү жана ХХ кылымдагы латын америкалык жана дүйнөлүк прозанын чебери болуп саналат.

Анын эң белгилүү чыгармалары: "Жалгыздыктын жүз жылы", "Патриархтын күзү" жана "Полковникке эч ким кат жазбайт".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: