Бүгүн, 22-апрелде Оштун “Алай” клубу “АФКнын Кубогу-2014” мелдешинде ирактык “Арбил” менен беттешет
2013-жылы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугун утуп алган Оштун “Алай” клубу бүгүн, 22-апрелде “АФКнын Кубогу-2014” мелдешинин 6-тур оюндарынын алкагында ирактык “Арбил” менен беттешет. Ош шаардык борбордук стадионунда өтө турган беттешке 16:00дө старт берилет. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Кошумчалай кетсек, “Алайдын” ирактык “Арбил” менен боло турган беттеши 2014-жылдын эсебинен аталган мелдештеги акыркы беттеши. Себеби “D” тайпасында орун алган “Алай” тайпада 1 гана упай топтоп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.