super.kg logo
  Саясат  

“Президент Атамбаевдин коррупция менен күрөшөм дегени чын болсо, Батукаевдин иши боюнча принципиалдуу баасын бериши керек” дешти депутаттар

 

“Президент Атамбаевдин коррупция менен күрөшөм дегени чын болсо, Азиз Батукаевдин маселеси боюнча принципиалдуу баасын бериши керек”,- деп билдирди депутат Мыктыбек Абдылдаев ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 22-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, Батукаевдин бошотулушу боюнча акча алды деген кызматкерлер тууралуу маалыматтарды иликтеп чыгуу зарыл.

“Маалымат булактарына Батукаев боюнча кимдин 500 миң доллар, кимдин 300 миң доллар, кимдин 200 миң доллар акча алганы жарыяланды. Муну эмнеге байкамаксан болобуз? УКМК иликтеп чыксын, акча алгандары чын болсо, “алдык” дешсин. Эгер жалган болсо, "акча алды" деп билдирген адам жооп берсин. Президент Атамбаев коррупция менен күрөшөм деген адам болсо, бул маселеге принципиалдуу баасын бериши шарт”,- деди Абдылдаев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: