super.kg logo

Спортчу Валентина Шевченко спорттон тышкаркы убактысын мылтык атууга, саякатка, шоу программаларга арнап келет (фоторепортаж)

 
Спортчу кыз Перунун аскерлерине муай-тай боюнча мастер-класс көрсөтүүдө.
Перуда мылтык атуу боюнча мелдештер байма-бай өтүп турат. Валентина жеке өзү үчүн да курал сатып алганын анын жакын тааныштары айтып жүрүшөт.
2013-жыл, сентябрь. Кезектеги мелдеш учурунда...
Спортто жараткан ийгиликтери үчүн сыйлуу кечелерге чакырылып келген спортчу барган сайын сыйлыктарынын санын арттырып жатат.
2013-жыл, октябрь айы. Ал Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк уруш искусстволорунун оюндарына Перунун атынан катышууга келген.
Атактуулардын коштоосунда өтүүчү шоу программалардын биринде Валентина бийлеп жатат.
Кыргызстанда спорт менен машыгып баштап, дүйнөлүк спортко аралашкан спортчунун көп убактысы жол жүрүү менен өтөт.
2013-жылдын сентябрь айы. Валентина дарбыз талаасында...
Валентина Перуга барганга чейин Голландияда, Таиландда атайын машыгуудан өткөн. Таиланд.
Таиланд. Шаар кыдыруу учурунан...
Бир тууган Шевченколор Перунун гезит-журналдарына байма-бай маек куруп турушат. Бул, албетте, алардын спорт жаатында жараткан ийгилиги менен байланыштуу.
Тактайдан жасалган чатырлуу кайык менен кезектеги сапарда аны машыктыруучусу Павел Федотов да коштоп чыккан.
Эжеси Антонина Шевченко менен талаа үстүндө жылаңайлык машыгуу учурунда.
Акыркы кездерде уруш өнөрлөрү Түштүк Америка континентинде мыкты ийгиликтерди жаратып келаткан команда.
Спортчу жакындары менен тамактануу маалында.
Спортчу жергиликтүү журналдардын биринин тышкы бетине дал ушундай образда сүрөткө түшүп берген.
Ири компаниялардын биринин жарнамасына тартылуу маалында.
Валентина Шевченко Таиландда. Анын Кыргызстанга келгенде сөзсүз Ысык-Көлгө барып, эс алып кетерин жакын санаалаштарынын бири Эмил Токтогонов айтып берди.

Кыргыз спортунун чыгаан өкүлү, муай-тай боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, түрдүү уруш өнөрлөрү боюнча Дүйнөнүн 10 жолку чемпиону, кыз-келиндер арасында "Дүйнөнүн мыкты тай бокс чебери" наамынын ээси Валентина Шевченко акыркы жылдары Перунун баш калаасы Лима шаарында жашап, машыгып жүрөт. Спортчунун жанында эжеси Антонина жана машыктыруучусу Павел Федотов бар. Азыркы күндө Валентина келишим менен иштеп, эл аралык мелдештерде Перунун атынан чыгып жүрөт.  

Аталган өлкөдө жашап жатканына 4 жылга жакын убакыт болгон Валентина бул аралыкта жергиликтүү тилди (ред. - испан тили) өздөштүрө алган. Ал жактын жашоо шартына кадыресе көнгөнү да анын сүрөттөрүнөн көрүнүп турат. Валентина спорттон тышкары куралдарга, саякаттоого кызыгат жана түрдүү шоу программаларга катышып, көңүл борборунда болууну жактырат. Бул тууралуу кенен сүрөттөр топтому назарыңызда... 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: