super.kg logo
  Саясат  

Мыктыбек Абдылдаев депутат Текебаевге: “7 жыл мурун “Кумтөр” боюнча абдан катуу сүйлөпсүз, ошондогу схемаңыз туура экенин билдим”

 

“Ата журтчу” депутат Мыктыбек Абдылдаев кесиптеши Өмүрбек Текебаевге кайрылып “7 жыл мурун “Кумтөр” боюнча абдан катуу сүйлөпсүз, ошондогу схемаңыз туура экенине ынандым” деп билдирди. Бул сөз ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 22-апрелдеги жыйынында айтылды.

“Абдан катуу сүйлөпсүз, экономика министри Темир Сариев сизден да катуу сүйлөптүр. Ал эми “Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп жатат, турмушта боло берет экен. Ошондогу сиздин схемаңыз туура экенин билдим”,- деди Абдылдаев.

Өмүрбек Текебаев “Эмне деп сүйлөпмүн, ачык айтып коюңуз. "Айтпай катып жүрүп, бир учуру келгенде жарыялайм" деген мааниде эмеспи?” деп сурады.

Абдылдаев “Андай эмес, “Кумтөр” боюнча сизди колдойм. Кааласаңыз ал сөзүңүздү депутаттарга таратып берейин” деген жооп узатты.

Айта кетсек, “Ата Мекен” фракциясынын лидери “Кумтөр” боюнча дагы бир мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, эгерде ишкананы улутташтыруу процесси башталса, “Центерра” “Кумтөрдүн” иштөөсүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кете албайт. Башкача айтканда, ишкананы токтоткон тараптын жетекчиси 10-15 жылга эркинен ажыратылат. Депутат “Кумтөр” үзгүлтүксүз иштеши зарыл экенин белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: