super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: “Кумтөр” талашы жакында бүтпөйт”

 

“Кумтөр” талашы жакын арада бүтпөйт” деди депутат Өмүрбек Текебаев ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 22-апрелдеги жыйынында. Депутаттын билдиришинче, аталган ишкананын кызматкерлеринин орточо айлыгы 60 миң сом.

Айта кетсек, “Ата Мекен” фракциясынын лидери “Кумтөр” боюнча дагы бир мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, эгерде ишкананы улутташтыруу процесси башталса, “Центерра” “Кумтөрдүн” иштөөсүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кете албайт. Башкача айтканда, ишкананы токтоткон тараптын жетекчиси 10-15 жылга эркинен ажыратылат. 

Депутат “Кумтөр” үзгүлтүксүз иштеши зарыл экенин белгиледи.

“Жашырганда эмне, бул мыйзам “Кумтөр” үчүн гана жазылды. Азыр алтын кенинде иштеп жаткандар “ишкана 24 саат бою иштеши керек, аны токтоткондор - кыргыздын душманы” деп айтышууда. Президенттин алдындагы жумушчу топ маселени иликтеп чыккыча баары бүтөт, анда биздин кабыл алган мыйзамдардын эч кимге кереги жок болуп калат. Аны күтпөй эле, керектүү учурда зарыл болгон мыйзамды кабыл алышыбыз керек”,- деп билдирди Текебаев. 

Мыйзам долбоору комитетте 1-окууда кабыл алынды






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: