super.kg logo

Эртең окуучулар арасында аскердик колдонмо түрлөрү боюнча Спартакиада өтөт

 

Эртең, 23-апрелде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 73809-аскер бөлүгүнүн базасында жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында спорттун аскердик колдонмо түрлөрү боюнча 2-республикалык Спартакиадасын уюштурат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Спартакиаданы өткөрүү үчүн атайын программа иштелип чыккан. Анда оксуз кармашуу, 100 метрге ылдамдыкта чуркоо, турникке тартылуу, автоматты чачып-чогултуу, гранатаны алыстыкка ыргытуу, аралаш аскердик эстафета, пневматикалык мылтыктан таамай атуу боюнча мелдештер жүрүп, ар бир команда канчалык деңгээлде спортту сүйөрүн көрсөтөт. 

Иш-чаранын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен, КРнын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен жана «Жоокерлер энелери» коомдук бирикмесинен өкүлдөр катышат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: