Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоевдин аскер тармагында кызмат кылуусу узартылды
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин 17-апрелде кол койгон буйругуна ылайык, аскердик кызматта болуунун белгиленген жаш курак чеги боюнча Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоевдин кызмат кылуусу 3 жылга узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, кызмат кылуу мөөнөтү "Аскердик жана альтернативалык кызмат жөнүндө КРнын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери тууралуу" мыйзамдын 30-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык узартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















