super.kg logo

"Эт сатып иштеген ишкерди өлтүрүп, денесин өрттөп жиберген" деп шектелгендердин бири Казакстандан кармалды

 

Өткөн жылдын 15-декабрында "Ош базарында" эт сатып иштеген Таалай Карымшаковду өлтүрүп, өрттөп жиберген кылмышка шектүүлөрдүн бири, Алматы шаарында из жашырып жүргөн М. уулу Эламан кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 2014-жылдын 18-мартында Ысык-Ата районунун Талды-Булак айылынан адамдын жансыз денеси табылган. Бирок денени өрттөп салышкандыктан, таанууга мүмкүн болгон эмес. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Анын натыйжасында 17-апрель күнү аталган кылмышка шектелип "Ош базарында" таксист болуп иштеген Нурлан Токтоноев кармалган. Анын айтымында, 15-декабрь күнү эртең менен таанышы экөө "Ош базарында" эт сатып иштеген Таалай Карымшаковду тоноп, жанындагы 200 миң сом акчасын алышкан. Андан кийин аны өлтүрүшүп, Талды-Булактагы ээн жерде жансыз денени өрттөп салышкан. Иликтөөлөрдө кылмышка шектүү экинчи адам Казакстан мамлекетине качып кеткендиги маалым болгон. Чүй облусунун укук коргоо кызматкерлеринен түзүлгөн атайын ыкчам топ Казакстандын Алматы шаарынан качып жүргөн М. уулу Эламанды колго түшүрүштү. Бир ай ичинде кылмышка шектүү Казакстандан Кыргызстанга экстрадицияланары белгилүү болду.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: