super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Жети-Өгүздөгү окуучулардын тамактануусунун абалын көрүп чыгышты

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Узакбаев, Майрамкүл Тиленчиева, Эркингүл Иманкожоева жана Гүлнара Жамгырчиева Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болуп, "Дүйнөлүк азык-түлүк" программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу долбоору менен таанышты. 

Мугалимдер мектеп окуучуларына ысык тамак берүүдө окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу жакшырганын билдирип, ашпозчулардын жетишсиздиги менен алардын айлыктарынын аздыгын айтып, көйгөйдү чечип берүүнү эл өкүлдөрүнөн суранышты.

Окуучуларга сапаттуу тамак-аш берүү керектигин айткан депутаттар ашпозчулардын штаттык бирдиги менен айлык акысын жогорулатуу маселеси караларын белгилешти.

"Аталган долбоор 2013-жылы Орусиянын каржылоосу аркылуу Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте өз ишин баштаган. Учурда республика аймагындагы 134 мектептин башталгыч класстарынын окуучуларын ысык тамак менен камсыздап келет. Мамлекет тарабынан окуучуларга тамакка бөлүнгөн акчаны туура пайдаланууну, аны менен окуучуларга сапаттуу тамак-аш берүүнү аталган долбоор колго алган. Мындай сунушту ата-энелер менен айыл өкмөттөрү да колдоп, каражат жагынан көмөктөшүп келет. Өкмөт тарабынан ар бир окуучуга тамак үчүн 7 сом каралса, ата-энелер ар бир бала үчүн 3 сомдон, ал эми айыл өкмөттүн бюджетинен 2 сомдон акча каражатын бөлүп беришет",- деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: