super.kg logo
  Саясат  

Тургунбек Кулмурзаев: “Кыргызстандын түштүгүнө эртең-бүрсүгүндөн тарта газ бериле баштайт

 

“Кыргызстандын түштүгүнө эртең-бүрсүгүндөн тарта газ бериле баштайт”,- деди “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев. Ал мындай пикирин бүгүн, 22-апрелде ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.

Айтымында, “УзТрансГаз” менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча так келишим жок, бирок жакынкы күндөрү маселе чечилет.

Айта кетсек, 21-апрелде Кулмурзаев журналисттерге маалымат жыйын куруп, анда газ маселеси боюнча Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөр болбой жатканын айткан эле.

“Бир аптадан бери "Кыргызгаздын" жетекчилиги жана Ташкенттеги кыргыз элчилиги "УзТрансГаз" менен "Узбекнефтегаз" ишканаларына кайрылуу жолдойт, бирок алардан эч кандай жооп жок. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин атынан да жолдогонбуз. Ага да жооп жок болуп жатканынан эми премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин атынан Өзбекстандын премьер-министрине кат жиберебиз”,- деп билдирген Кулмурзаев.  

Эскерте кетсек, Ош жана Баткен облустарындагы 60 миңдей абонент 15-апрелден бери газы жок отурат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: