Өкмөт: Аксыдагы “Иринжит” каналынын курулушун 1-майга чейин бүтүрүү тапшырмасы берилди
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Аксыдагы “Иринжит” каналынын курулушун ушул жылдын 1-майына чейин бүтүрүү тапшырмасы берди.
“Буга чейин аталган каналдын курулушун май айынын башына чейин бүтүрүү боюнча тапшырмалар берилген. Бир аптадан кийин май айы. Ага чейин каналдын курулушу бүтүшү керек”,- дейт Сарпашев.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Сарпашев быйыл өлкөдөгү ирригациялык тармактагы иштер 40 пайызга жогорулашы керектигин, анткени Суу чарба жана мелиорация департаменти 8 миллион долларлык техникалар менен камсыздалганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















