super.kg logo
  Саясат  

“Электр энергиясы – товар, аба чубалгылары – дүкөн” дейт көмөк чордон үчүн бекер жер берүүгө каршы чыккан депутат Бокоев

 

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өлкөдө көмөк чордон орнотуу үчүн жер тилкелерин акысыз берүүгө каршы. Муну депутат ЖКнын Отун энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 22-апрелдеги жыйынында билдирди.

“Электр энергиясы – товар, аба чубалгылары – дүкөн. Бөлүштүрүүчү компанияларга көмөк чордон үчүн колдонгон жерди акысыз кылсак, анда мамлекеттик мектептерди газ жана электр энергиясындагы төлөмдөрдөн бошотолу”,- дейт депутат.

Буга чейин мындай демилгеге депутат Өмүрбек Текебаев да каршы чыккан.

"Жер тилкелери өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, транспорт, байланыш муктаждыктары жана башка багыттар үчүн бекер берилет" деп турат. Эртең бирөө гараж курам десе, ага эмне үчүн жер бекер берилиши керек? Бирөө автобекет курам десе, эмнеге бекер берилиши керек, жооп бергиле. Өндүрүш үчүн деп бирөө чакан устакана кура турган болсо, эмнеге бекер болот? Мыйзам эскирген, муну толук иштеп чыгыш керек”,- деген Текебаев.

Суроого жооп алынган эмес. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: