Чиновниктердин чет өлкөдөн банктык эсеп ачышына тыюу салуу демилгесин депутаттар четке кагышты
Кыргызстандагы чиновниктердин чет өлкөдөн банктык эсеп ачып, өлкө сыртынан мүлккө ээлик кылышына тыюу салуу демилгесин депутаттар колдобой коюшту. Депутат Исмаил Исаков сунуштаган бул мыйзам долбоору бүгүн, 22-апрелде ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде талкууланып, депутаттардын көпчүлүгү демилгени сынга алышты. Айрым депутаттар муну "популисттик аракет" деп баалашты.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

